• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкек — Ош жолунда үч унаа кагышып, 9 киши жабыркады

3 Жетинин айы 2019 0:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолунда үч унаа кагышып, тогуз киши жабыркады. Бул тууралуу Жалал-Абаддын Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык 30-октябрь күнү саат 23:00дөр чамасында болгон.

Mazda 626 үлгүсүндөгү автокөлүктүн айдоочусу рулун башкара албай каршы тилкеге чыгып, Бишкекке бара жаткан Honda Stepwagon менен сүзүшкөн. Ал Ош шаарына келе жаткан Honda Odyssey автокөлүгүн сүзүп барып токтогон. Mazda 626 унаасындагы эки бала Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми Honda Stepwagon машинасындагы үч киши аталган оорукананын хирургия бөлүмүндө, бир киши жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Honda Odyssey автоунаасындагы эки адам жандандыруу бөлүмүнө, бир аял медициналык жайдын төрөтканасына жеткирилген,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Количество просмотров: 101