Бишкек-Ош унаа жолунунан «Honda Odyssey» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул окуянын кесепетинен 2 адам каза болуп, дагы эки жүргүнчү ар кандай жаракат алган.
«Куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине, ал эми жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жалпысынан 5 куткаруучу тартылган», — деп билдиришкен ӨКМден.