• Шаршемби 17 Кулжа 2026
  • Среда 17 Июнь 2026

Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

5 Үчтүн айы 202310:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек -Ош жолунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 Унаа жолдун 80-чакырымында жайгашкан Сосновка постунда 3-январда саат 18:30дан тарта жүк ташуучу унааларга, 4-январда саат 11:20дан тарта мунай зат ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды.

Азыркы учурда унаалардын бардык түрүнө жол ачык.

Суусамыр өрөөнүндө жана Төө-Ашууда күн бүркөк, кар, жаан жок. Унаалар эки тараптуу өтүүдө. Жолго кум, шагыл себүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында 127-УРАЛ унаасы нөөмөттө турганы кабарланды.

Количество просмотров: 165