• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

13 Жетинин айы 2020 9:25 Бишкек Govori.TV

Аба ырайынын кескин түрдө өзгөргөндүгүнө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ала-Бел ашуусунда кардын тынбай жаап жолдун тайгактыгынан тыгындарды жоюу максатында Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан «Арал» стационардык посттунан 12-ноябрь саат 19:30дан баштап, Бишкек багыты боюнча оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.

Чектөө тиешелүү мекемелер тарабынан жолдор толугу менен тазаланып бүткөн соң алынат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды жолдо абай болуп, унаалар ортосундагы аралыкты сактоону суранат.

Количество просмотров: 226