• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүлөр атып түшүрүлөт

8 Бирдин айы 202413:09 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек – Ош унаа жолундагы кар көчкүлөрүн түшүрүү иш-чараларын жүргүзөт.

Министрликтин маалыматына ылайык, аталган унаа жолдо жол кырсыктарынын алдын алуу, адам өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана жол каттамын үзгүлтүккө учуратпоо зарылчылыгына байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 8-февралынан 12-февралына чейин кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт.

«Бишкек – Ош унаа жолунун 132-135 жана 198-255- километриндеги кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактарда ӨКМге караштуу башкармалыктар, кызматтар иш-чараны КРнын Коргоо министрлиги менен биргеликте аткарышат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 118