• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкек-Ош жолундагы кырсыкта 4 киши каза болуп, үчөө жаракат алды

25 Бугу 202014:17 Бишкек Govori.TV

25-майдын түнүндө Бишкек-Ош жолунун 355-чакырымында, Кара-Көл шаарына жакын жерде жол кырсыгынан төрт киши каза болду. Дагы үч адам жаракат алган.

«Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынын 31 жаштагы тургуну «Хонда Одиссей» машинеси менен Бишкекти көздөй баратып, автоунаасын чукул бурулушта башкара албай жолдон чыгып, 200 метр төмөнгө түшүп кеткен. Анын кесепетинен Кыргыз-Ата айылынын үч тургуну жаракат алып, Кара-Көл шаарынын аймактык ооруканасына түшкөн. Айдоочу менен бараткан үч адам каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

Каза болгон жүргүнчүлөр — 20, 18 жаштагы жигиттер жана 22 жаштагы кыз. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 155