• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкек-Ош жолундагы туннелден өткөн унааларга төлөмдүн баасы өзгөрдү

26 Бештин айы 2023 11:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолундагы туннелдер аркылуу унаалардын өтүүсүнө төлөмдүн тарифтери өзгөртүлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинетинин «Бишкек — Ош унаажолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымды төлөөнүн өлчөмү жана тартиби» токтомунун негизинде Бишкек — Ош унаа жолундагы туннелдер аркылуу транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдын өлчөмү өзгөртүлдү.

Ошентип, 2024-жылдын 1-январынан тарта «Сосновка» жана «Кара-Көл» көзөмөл-өткөрүү пункттарында транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн төлөмдөр өзгөртүлгөн тарифтер боюнча алынат.

  • жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашпаган оруну бар транспорт каражаттары – жеңил транспорт каражаттары: ата-мекендик – 50 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 200 сом;
  • жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашык оруну бар жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 5 т. ашпаган транспорт каражаттары: ата-мекендик – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;
  • жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 т ашпаган транспорт каражаттары. Дөнгөлөктүү тракторлор: ата-мекендик – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;
  • жүргүнчүлөрдү ташуу учун пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашык оруну бар жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 5 т. ашкан транспорт каражаттары: ата-мекендик – 150 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом;
  • жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 т ашкан, бирок 12 т ашпаган транспорт каражаттары: ата-мекендик – 150 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом;
  • жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 12 т ашкан транспорт каражаттары: ата-мекендик – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 3000 сом;
  • жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 12 т ашкан транспорт каражаттары. Техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 т жогору, бирок 10 т ашпагап чиркегичтер: ата-мекендик – 300 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом;
  • максималдуу эсептик ылдамдыгы 40 км/сааттан ашпаган, олуттуу өлчөмдөрү менен мүнөздөлгөн жана чоң айыл чарба аянттарын иштетүү үчүн атайын арналган жазысы кең тракторлор (комбайндар): ата-мекендик – 300 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом;
  • жүктордү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 10 т ашкан чиркегичтер: ата-мекендик – 300 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом;
Количество просмотров: 1593