• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкек шаардык соту Сапар Исаковду камакта калтырды

13 Кулжа 2018 17:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13. 06. 2018. Govori.TV

Бишкек шаардык соту мурунку премьер-министр Сапар Исаковду камакта калтыруу чечимин кабыл алды. 

Чечимге ылайык, Исаковдун жактоочуусу  Нурбек Токтакунов сот мыйзамсыз чечим кабыл алганын айтты.

Анткени чет жакка чыкпоо боюнча соттун чечими эгер шектүү чет жакка чыгып кетүү ыктымалдуулугу жогору болгондо гана кабыл алынарын кошумчалады.

Ал эми Соттук коллегия аларда ыкчам маалыматтар бар экенин айтып, баш коргоо чарасын өзгөрткөн эмес.

Сот иши жабык эшик артында каралды.

Эске салсак, 5-июнда мурдагы премьер Сапар Исаков Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган. Ал «Коррупция» беренеси боюнча айыпталууда.

 

Количество просмотров: 22