• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Бишкек шаардык кеңеши эмне үчүн тыныгуу алды?

29 Бирдин айы 202411:19 Бишкек Govori.TV

Административдик-аймактык реформага жана президенттин жарлыгынын чыгышына байланыштуу борбор шаардык кеңештин депутаттык корпусу 235 адамга чейин көбөйдү. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев кезектеги сессияда билдирди.

Бишкек шаардык кеңеши бүгүнкү сессияда жумушунан тыныгуу алуу чечимин кабыл алды. Конгантиев тыныгуу айрым маселелерди чечүү жана сессияны толук кандуу өткөрүү үчүн жарыяланганын түшүндүрдү.

Ал эми жыйынга катышып жаткан мэр Айбек Жунушалиев президенттин жарлыгы толук аткарылышы керектигин айтып, БШКнын расмий түшүндүрмөсүнө карабай сессия өтүп жатканына нааразы болгон.

Калаа башчысы 235 депутаттын катышуусу менен муниципалитет жалпы жыйын өткөрүүгө шарт түзүп берүүгө даяр экенин айткан соң залдан чыгып кеткен. Шаардык кеңештин төрагасы  Конгантиев мэрдин бул кадамына түшүнбөй калганын айтты.

Количество просмотров: 89