• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкек шаардык кеңешине болгон кайталап шайлоонун жыйынтыгы

19 Теке 2021 14:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 11-июлунда өткөн Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону тааныды.

17-18-июль күндөрү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйыны болуп, Бишкек шардык кеңешине депутаттарды кайталап шайлоонун натыйжалары аныкталды.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, Бишкек АШК келип түшкөн бардык арыздарды жана даттанууларды карады, бардыгы 22 арыз келип түшкөн. Бардык арыздар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Бишкек АШК тарабынан 227 участкалык шайлоо комиссиясынын протоколдорунун негизинде түзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколуна ылайык (№1141 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары мурун жараксыз деп табылган), бюллетендерди алган шайлоочулардын жалпы саны 104 141 ( шайлоо участогунда – 101 875, имараттын сыртында — 2 266), жарактуу бюллетендердин саны – 103 431, жараксыз – 710 бюллетень.

Кайталап шайлоого катышкан 18 саясий партиянын ичинен 6 саясий партия 7 пайыздык чектен өттү: «Эмгек», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Социал-демократтар».

Эсептөөлөргө ылайык, депутаттык мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

«Эмгек» — 11 мандат,
«Ата-Журт Кыргызстан» — 9 мандат,
«Ишеним» — 8 мандат,
«Ынтымак» — 7 мандат,
«Онугуу-Прогресс» — 5 мандат,
«Социал-демократтар» — 5 мандат.

Количество просмотров: 117