• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкек шаардык кеңеште айрым депутаттар жол кирени көтөрүүгө каршы чыгышты

28 Аяк оона 2021 12:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн, 28-сентябрда борбор калаадагы коомдук транспорт үчүн жол акысын көтөрүү маселесин талкуулап жатат. Жыйында депутат Элнура Дүйшөкеева жол кирени 50% көтөрүү жүргүнчүлөр үчүн оор болорун белгилеп, анын баасын ошол бойдон калтыруу керектигин билдирди.

«Жол кире тарифин ошол боюнча калтырууну колдойм. Бааны 15 сомго көтөргөн менен өлкөдө айлык маяна жогорулаган жок. Коомдук транспортторду газга өткөрүү керек», — деди депутат.

Ал эми мэриянын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Максат Нусувалиев айдоочулардын дагы чыгымдарын эске алуу керектигин айтты.

«Сиздин айткандарыңызга толук кошулам. Кирешелер көбөйгөн жок. Айдоочулар дагы биздин жарандар. Алардын да үй-бүлөсү бар», — деп кошумчалады Нусувалиев.

Количество просмотров: 167