• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкек шаардык соту 24.kg агенттигинин өтүнүчүн канааттандырган жок

19 Бирдин айы 2024 15:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-февралда Бишкек шаардык соту «24.kg» маалымат агенттигинин жактоочусу Нурбек Сыдыковдун аталган агенттиктин кеңсесине мөөр басууга негиз болгон Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча арызын карап жатат, аны канааттандыруудан баш тартты.

Сот отурумуна УКМКнын тергөөчүсү, мамлекеттик айыптоочу жана маалымат агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева катышты.

Белгилей кетсек, 6-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 24.kg маалымат агенттигинин тергөөчүнүн аракетине каршы арызы караган.

«24.kg тинтүү учурунда жактоочулардын киргизилбегенин, кеңсеге кирип иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү сыяктуу даттануу менен сотко кайрылган. Бирок канааттандырылган жок», — деп билдирген адвокат Нурбек Сыдыков

Атайын кызмат 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Кылмыш иштин алкагында кеңседеги компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганы кабарланган.

24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь 15-январда УКМКга сурак беришкен. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышкан.

Кийин Оторбаева редакциянын кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгарып, кайтарып берүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылган. Бирок канааттандырылган эмес.

Количество просмотров: 67