• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Ханституцияга каршы» борборунун Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүлдү

16 Жалган куран 2021 9:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 15-мартта «Ханституцияга каршы» борборунун Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу Жеңиш Молдокматов фейсбук баракчасы аркылуу түз эфир аркылуу билдирди.

«Кеңсени мен ижарага алгам. Ал мага тиешелүү. Кеңседен компьютердин процессорун, флэш-карталарды алып кетишти. Мен тергөө аяктаганча маалыматтарды ачыкка чыгарбоо тууралуу кол коюп бердим. Ушундай эле тинтүү Тилекматтын үйүндө да болду», — дейт ал.

Бишкек шаардык милициясы Тилекмат Кудайбергеновго «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган билдирүүлөрүнө байланыштуу бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деген шек менен кылмыш ишин козгонун анын адвокаты Амантур Абдрахманов кабарлаган.

Кудайбергенов акыркы учурларда Конституциянын жаңы долбоорун жана бийликти сынга алып келаткан. 9-мартта Бишкекте ал долбоорго каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митингди алып барган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) активисттин кармалышы жана «Ханституцияга каршы» борборунун Бишкектеги кеңсесиндеги тинтүү тууралуу расмий комментарий бере элек.

Количество просмотров: 370