• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевди 11 жылга кести

14 Баш оона 2020 13:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-августта Бишкек шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталгандарга Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды.

Сот биринчи инстанциядагы өкүмдү күчүндө калтырды. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Жазык кодексиндеги коррупция уюштуруу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл 2 айга кесилип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды.

Ал эми мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айып салынды.

Ал эми дарыгер Абдухалим Раимжанов Жазык кодексиндеги 348-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыштын мөөнөтү эскиргендиктен жаза белгиленген жок.

Ошондой эле ЖАМКтын төрагасынын мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркинен ажыратуу чечими чыкты. Белгиленген жаза өтөлдү деп эсептелип, сот залынан бошотулду.

Количество просмотров: 781