• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкек шаардык соту Матраимовдордун өтүнүчүн четке какты

23 Жалган куран 2021 17:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын жакындарынын өтүнүчүн четке каккан чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу 23-мартта шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Матраимовдор сотто алар тууралуу айтылып жаткан маалыматтарды жайылтууга тыюу салууну өтүнүшкөн жана ошого байланыштуу негизги арыз боюнча соттук териштирүү убактылуу токтотуу тууралуу өтүнүчүн Свердлов райондук соту быйыл февраль айынын башында четке каккан.

Эске салсак, Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын өткөн жылдын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон. Анда аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган.

Количество просмотров: 386