Бишкек-Торугарт унаа жолунун 47-чакырымында «Мазда 626» жана «Фольксваген» үлгүсүндөгү автоунаалар кагышты. Кырсык бүгүн, 16-сентябрда саат 16:00дөр чамасында катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, «Мазда 626» унаасы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам карама-каршы тилкеге чыгып, башка унаа менен кагышкан.
«Жол кырсыгынан жабыр тарткандар тууралуу маалымат такталууда. Анткени тез жардам кызматы келгенге чейин жабыркагандар жолдо өтүп бара жаткан унаалар аркылуу ооруканага жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.