• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш иш боюнча тергөө аяктады

8 Үчтүн айы 2019 14:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.01.2019.Govori.TV.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө аяктаганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, тергөө учурунда Сапар Исаков баштаган бир катар кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен мурдатан билип туруп Кытайдын ТВЕА компаниясы менен пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке 111 миллион 252 миң 797 доллар зыян келтиргени аныкталды.

Сапар Исаков 2010-жылдын февраль айында Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин (ЦАРИИ) коммуникация бөлүмүнүн башчысы болуп турган учурда, аталган мекеменин жыйынында Бишкек ЖЭБин оңдоо боюнча эки долбоор каралган. Анда Дүйнөлүк банк бул кызмат үчүн 150 миллион доллар жана ТВЕА компаниясы 200 миллион доллар сунуш кылган. Кеңешменин жыйынтыгында ТВЕА компаниясынын Бишкек ЖЭБин оңдоо боюнча сунушу анын кымбаттыгын, техникалык жана технологиялык кемчиликтерин эске алуу менен Кыргызстандын кызыкчылыктарына туура келбейт деп табылган.

“Ага карабай 2013-жылы Сапар Исаков президенттик аппараттын тышкы байланыштар бөлүмүн жетектеп, аппарат башчынын орун басары даражасында долбоорду ишке ашырууну жеке көзөмөлүнө алып, жеке кызыкчылыктарын көздөө менен 386 миллион долларлык долбоору менен ТВЕА компаниясына башкы аткаруучулук (генеральный подрядчик) укукту берип койгон. Муну менен ал ТВЕА компаниясы бул багыттагы долбоорлорду ишке ашырууда жетиштүү тажрыйбасы жок экенин, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана эсеп документациясы түзүлбөгөнүн эске алган эмес”, деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМК көрсөтүлгөн каражаттар өкмөттүн кепилдиги менен 20 жылдык мөөнөткө, жылына 2% үстөк менен Кытайдын ЭКСИМ банкынан насыя катары алынганын белгилейт. Ошондой эле насыя алынган 2014-жылдан ушул мезгилге чейин бул насыя боюнча Кыргызстан 22 миллион 814 миң 328 доллар төлөгөнү да айтылат.

Учурда айыпталуучулар жана алардын адвокаттары тергөөнүн материалдары менен таанышууда. Ал бүткөндөн кийин иш прокуратурага жөнөтүлүп, айыптоолор бекитилгенден кийин сотко ашат.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков былтыр 5-июнда камакка алынган. Ал өзү бул иште «саясий боёк» бар экенин айтып, өзүнө тагылган айыптарды четке кагып жүрөт. 

Количество просмотров: 19