Бүгүн, 2-июлда Бишкек шаарындагы ооруканаларга көмөк көрсөтүү үчүн Нарын облусунан 21 эмчи айым жөнөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарында коронавирус илдети менен жабыркагандардын саны кескин көбөйүп кеткенине байланыштуу дарыгерлер жетишсиз болууда.
«Эмчи айымдардын жардамчы тобу облусубуздун бардык райондорунан жана Нарын шаарынан өз каалоолору менен кетишти», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Нарын облусунда эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткенде Бишкек шаарынан да дарыгерлер жиберилген.
Булак: turmush.kg.