• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекте 100дөн ашуун гараж демонтаждалууда

27 Бирдин айы 2024 15:13 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Асаналиев 12 көчөсүндөгү «№27а гараж» кооперативин демонтаждоо иштери жүрүүдө.

Маалыматка ылайык, 108 гаражды демонтаждоо иштери «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын долбоору боюнча жүргүзүлүп, Бакаев көчөсүнө Л. Толстой көчөсүнөн Ж. Бөкөнбаев көчөсүнө чейин темир жол аркылуу эстакадалык өтмөк курууга тоскоолдук жараткан.

Буга чейин, 2024-жылдын 15-февралында «Муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар» муниципалдык ишканасы «№27а гараж» кооперативин менен унаа токтотуучу жайларды берүү боюнча ижара келишимин бузган.

2024-жылдын 16-февралында жетекчилик тарабынан 5 календардык күндүн ичинде ыктыярдуу түрдө муниципалдык жерлерди бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.

Теги:
Количество просмотров: 176