Бишкек шаарында 16-кабаттан кулаган жигит каза болду. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-май күнү саат 11:00 чамасында Исанов көчөсүндө жайгашкан имараттан жаран кулагандыгы тууралуу милицияга маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге барган РИИБдин ыкчам тобу 2006-жылы туулган А.Р. 16-кабаттагы балкондон кулаганын такташкан. Себеби белгисиз. Өспүрүм ошол жерден эле көз жумганын дарыгерлер аныкташкан.
Экспертиза дайындалып, окуянын чоо-жайы такталып жатат.