• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте 18 жаштагы Альбина Бапиева изделүүдө

9 Чын куран 2021 11:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Альбина Бапиева изделүүдө. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинде эртең мененки саат 8де Бишкек шаарынын 7-кичирайонунда жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Кийимдери: үстүндө кызыл түстөгү күрмө, джинсы шым, кара түстөгү бут кийим, кара түстөгү рюкзак асынган.

Белгилери: бою 165 см, арыкчырай, чачы кызгылт-күрөң түстө.

Албина Бапиеванын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(553) 102-189, 0(500) 09-99-00, 0(312) 54-41-84.

Количество просмотров: 311