Бишкекте 2 кыз өгөй атасы тарабынан сабалды. Бул тууралуу “Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
«Мага 9 жана 10 жаштагы кыздардын апасы кайрылды. Кыздардын өгөй атасы аларды түнү менен сабаган экен. Ал эми милиция аны эркиндикке чыгарып коюптур», — деп жазды ал.
Ал эми милиция 1990-жылы туулган К.И. аттуу жаран райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.
«Негизги материалдар чечим чыгаруу үчүн сотко жөнөтүлөт», — деп билдиришти милициядан.