• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте 22 жаштагы жигит апасын өлтүргөнгө шектелип кармалды

19 Баш оона 202516:30 Бишкек Govori.TV

Бишкекте адам өлтүрүү фактысы боюнча 22 жаштагы жигит кармалды.

Милициянын маалыматына ылайык, 15-августта милицияга Бишкектин борборундагы көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынан телефон чалуу түшкөн. Алар подъездде жагымсыз жыт чыгып жатканына даттанышкан. Милиция кызматкерлери жыт чыккан батирдин ичинен 1976-жылы туулган аялдын сөөгүн табышкан. Кылмышка шектүү катары анын 2003-жылы туулган М.А. аттуу уулу кармалган.

Факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен катталган.

Шектүү эки айга тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иштеринин алкагында соттук-медициналык жана психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалды.

Kaktus.media өздүк булактарынын маалыматына таянып шектүү энесинин сөөгүн жиликтеп салганын жазды.

Количество просмотров: 235