Бишкек шаардык гинекологиялык ооруканасына (№3 төрөт үйү) жеткирилген бейтаптан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Маалыматка караганда, коронавирустан коргонуу боюнча алгоритм тандалды.
«8 медицина кызматкери вирус жуктуруп, төрөт үйү карантинге жабылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. 8 кызматкер үй карантинге жөнөтүлдү. Баарынан алынган ПЧР-анализдин жыйынтыгында оору аныкталган жок. 26-июнда кайрадан тест алынат, оорукана кадимки режимде иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.