• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте 31 млн. сом тоноп кеткен шектүүлөр аныкталды

18 Бештин айы 202415:16 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын 11-декабрында Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндө орун алган каракчылык фактысы боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин тергөө кызматы тарабынан иликтөө иштери улантылып, кылмышка шектүүлөр аныкталды.

Бишкек шаардык милициясынан билдиришкендей,төрт белгисиз адам физикалык күч колдонуу менен акча алмаштыруу жайынан чыгып бараткан М.А аттуу жарандын ири суммадагы акча каражатын, тактап айтканда 31 млн сомдон ашык каражатын алып кетишкен.

«Бир катар ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери бул кылмышка тиешеси бар төрт шектүүнү тең аныкташкан. Бирок алар тууралуу маалыматтар тергөөнүн купуялуулугу үчүн ачыкка чыгарылбайт. Учурда кылмышкерлерди кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 503