Бишкектин Жал кичи районунда 40 жаштагы аял киши колдуу болду. Маалыматты Ленин райондук милициясы тастыктады.
Маалым болгондой, 28-июлда болжол менен саат 21:40та «102» кызматына Жал кичи районунда аял киши каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
«Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Каза болгон аял 40 жаштагы Ш.М. экени аныкталган. Кароо учурунда анын денесинен ур-соккунун издери табылган»,-деп жазылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Учурда шектүү катары 32 жаштагы Р.Э. аттуу жаран кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.