• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү аял кармалды

26 Үчтүн айы 2021 9:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-январында болжол менен саат 20:05 чамасында Бишкек ШИИББнын «102» кызматына Каракум көчөсүнүн үйлөрүнүн биринде кишини бычак менен сайып салды деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1980-жылы туулган Б.В. аттуу жаран бычактан жабыркап, 4-ооруканага алып кеткендиги белгилүү болгон.

«Ыкчам кармоо иш-чараларын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1959-жылы туулган Б.Т. аттуу аялды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришти»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 764