• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип, 6 киши кармалды

25 Бирдин айы 202515:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек милициясынын маалыматы боюнча, 20-февраль күнү Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына Ала-Арча суу сактагычынын жанында Лесное айылы тарапта белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган уучурда маалымат тастыкталып, каза болгон жаран, мурда бир нече жолу соттолгон 1981-жылы туулган А.А. экени аныкталган.

Аталган факты боюнча Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

«Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, 1995-жылы туулган Б.И., 2004-жылы туулган Б.С., 2002-жылы туулган Б.Ч., 1999-жылы туулган Т.К., 1996-жылы туулган А.Т., 1996-жылы туулган К.А. аттуу шектүүлөр аныкталып, кармалган. Кармалгандардын баардыгы, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген», — деп жазылат маалыматта.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан окуянын бардык жагдайларын текшерүү иштери улантылып, жабырлануучунун өлүмүнүн так себептерин аныктоого багытталган бардык зарыл экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 399