Бишкекте Mazda үлгүсүндөгү автоунаа жөө адамдар өтүүчү жерден 17 жаштагы өспүрүм менен дагы бир кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 6-апрель күнү саат 21:40тар чамасында Москва — Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
«Жабыркагандар оор абалда ооруканага жеткирилген. Айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен эмес. Автоунаа айып короого токтотулду»,-деп айтылат маалыматта.