• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте айдоочуларды коркутуп, акча алып жүргөн шектүүлөр кармалды

12 Бирдин айы 202617:04 Бишкек Govori.TV

Жүк ташуучу айдоочулардан акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

9-февралда Бишкекте «спортобщак» деп аталган топтун өкүлдөрү катары белгилүү болгон Д.Ж. жана Р.у.А. аттуу жарандар кармалган. Алар чет өлкөлүк жарандардан мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын чогултуу менен алектенип келишкен.

Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, кармалгандар 15 жыл бою коркутуу жолу менен «Дордой» соода комплексинен жүк ташыган айдоочулардан жана ар бир жүктөн акча алып турушканы аныкталды.

Ошондой эле Д.Ж. укук коргоо органдарындагы тааныштарын пайдаланып, буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганы аныкталган. Мындан тышкары, анын кылмыштуу чөйрөгө тиешеси бар адамдар менен, анын ичинде Камчы Асанбек жана Рысбек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу менен тыгыз байланышы тастыкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган Д.Ж. жана Р.у.А. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Количество просмотров: 110