• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте айдоочулардын чыры жол кырсыгы менен аяктады

16 Бештин айы 202516:51 Бишкек Govori.TV

Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 13-декабрда Чүй проспектисиндеги «Балдар дүйнөсү» соода борборунун жанында болгон.

Видеодон жеңил унаанын айдоочусу автобуска кире калып эле айдоочуну уруп жибергенин көрүүгө болот. Ошол учурда автобус жылып кетип, кол көтөргөн айдоочунун унаасына урунган.

Факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталып, 1994-жылы туулган А.К. милицияга жеткирилген. Ага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 126- беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлдү. Ал 5 суткага да камалган.

Количество просмотров: 607