• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте айымдарга Жапаровдун атынан жоолуктар тапшырылды

16 Баш оона 2022 11:18 Бишкек Govori.TV

15-августта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев ордо калаабыздагы имам Сарахсий мечитинде өлкө башчы тарабынан берилген жоолуктарды тапшырып, аял затынын исламдагы ордун түшүндүрдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматта айтылгандай, азирети Муфтий Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ишмердүүлүгү, аялзаты үчүн уюштурулуп жаткан сабактар жана окуу курстары боюнча айтып, ишемби жана жекшемби күндөрү Муфтияттын алдындагы Хадижа айымдардын окуу борбору атайын сабактарды өткөрүп жаткандыгын билдирген.

Саамалыкка КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Гульназ Исаева катышып, 2021-2026-жылдарга карата кабыл алынган концепцияны түшүндүрүп берди.

Количество просмотров: 709