• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

6 Бирдин айы 2024 16:25 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1-февралда милицияга О.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, М.А. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Себеби 2023-жылдын июнь айында Каралаев көчөсүндө, жабырлануучунун ишеничине кирип, алдоо жолу менен объект курууга инвесторлорду тартуу шылтоосу менен 90 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алган. Андан кийин ал белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1976-жылы туулган М.А. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарласа болот: 0(701) 00-26-88, 0(500) 03-02-00 же 102.

Количество просмотров: 152