• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

18 Жалган куран 202111:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелип 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-мартта Октябрь РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылы июль айларында чала тааныш жаран арыз ээсинин ишенимине кирип, чогуу ишкерликти баштайбыз деп убада кылып, 3 миң 400 доллар акча каражатын ээлеп алып, качып кеткенин жазган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктадын бирдиктүү реестрине 204-берене (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип, 1993-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 98