Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 24-ноябрь күнү болжол менен саат 18:23 чамасында Бишкек ШИИББнын «102» кызматына Рыскулов жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук телефон тоноп кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1987-жылы туулган П. А. аттуу аял арыз менен кайрылган.
«Ошол эле күнү болжол менен саат 18:10 чамасында белгисиз жаран арыз ээсин уруп, ачык түрдө баасы 11 миң 500 сомдук чөнтөк телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткен. Жазылган арыздын негизинде ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары Чүй жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде качып бара жаткан жеринен 1969- жылы туулган М. Т. аттуу жаран кармалган. Ал Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.
Бул факты Ленин райондук ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз республикасынын жазык кодексинин 201- берененин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.