• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте эки кыздын бөйрөксүз сөөгү табылды деген «фейк» аккаунттун жалган маалыматы коомчулукту дүрбөлөңгө салды

13 Аяк оона 2018 18:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.09.2018.Govori.TV.
Учурда социалдык тармакта тарап жаткан, борбор калаада эки кыздын бөйрөксүз сөөгү табылды деген билдирүү — фейк аккаунттун маалыматы. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда Кыргызстанда жок айыл туурасында айтылып жатканы менен Бишкекте ата-энелер катуу талкууга алууда.
Ал спам-кабар Whatsapp-топтордо таркап, анда:
«6-8 жаштагы эки кыздын бөйрөксүз сөөгүн жолдун четинен табышкан. Ар бири колуна 50 миң рублден кармаган тейде жатыптыр. Балдарыңарды жакшылап карагылачы, көчөгө жалгыз-жарым чыгарбагыла», — деп айтылган.
Билдирүүгө аудио тиркелип, анда эркектин үнү бул маалымат тартип коргоо органдарынан түшкөн деп жатканын угууга болот
Ички иштер министрлиги таратылган бул кабардын Кыргызстанга тиешеси жоктугун айтты.

 

Количество просмотров: 34