• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды

14 Бирдин айы 2024 10:45 Бишкек Govori.TV

Бишкекте баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-февралда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине борбор калаада белгисиз адам «афган» тектүү баңгизатын таратып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Подольский менен Семетей көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган А.К. кармалып, анын жанынан 1,1 кг афган тектүү «гашиш» баңгизаты табылган.

Кармалган жаран Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Ленин райондук соту тарабынан эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 77