• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте бала багып иштеген кыз өспүрүмдү урганын жолдогулар тартып алды

18 Баш оона 2020 9:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 23 жаштагы кыз өзү багып жүргөн өспүрүмгө кол көтөрдү деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, баланын апасы окуя боюнча милицияга арыз менен кайрылып, 23 жаштагы кызга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Ал 2009-жылы туулган Т.А. аттуу уулун карап бакчу, бирок уулун себепсиз урганын билдирген. Аталган факт “Майда бейбаштык” беренеси менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Буга чейин соцтармактарда окуянын видеосу тараган. Анда видеонун автору белгисиз кыз жаш баланы бетке уруп жатат деп айткан. Ал жолдо өтүп бара жатып окуяга күбө болуп калган. Тасмада көрүнүп тургандай кол көтөрдү делген кыз баланы багып иштейт. Ал баланы урбаганын айтып ишендирүүдө.

“Бул бала өзүн өзү ура берет, кандай түшүнбөйсүңөр” ,- деп жолдогу адамдарга жооп бергенин көрүүгө болот.

Шектүүнүн иш-аракеттерине укуктук баа берүү максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

View this post on Instagram

Бишкек шаарында 23 жаштагы кыз өзү багып жүргөн өспүрүмгө кол көтөрдү деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, баланын апасы окуя боюнча милицияга арыз менен кайрылып, 23 жаштагы кызга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Ал 2009-жылы туулган Т.А. аттуу уулун карап бакчу, бирок уулун себепсиз урганын билдирген. Аталган факт “Майда бейбаштык” беренеси менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Буга чейин соцтармактарда окуянын видеосу тараган. Анда видеонун автору белгисиз кыз жаш баланы бетке уруп жатат деп айткан. Ал жолдо өтүп бара жатып окуяга күбө болуп калган. Тасмада көрүнүп тургандай кол көтөрдү делген кыз баланы багып иштейт. Ал баланы урбаганын айтып ишендирүүдө. “Бул бала өзүн өзү ура берет, кандай түшүнбөйсүңөр” ,- деп жолдогу адамдарга жооп бергенин көрүүгө болот. Шектүүнүн иш-аракеттерине укуктук баа берүү максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

A post shared by Говори, как есть. (@govori.tv) on

Количество просмотров: 2323