• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкекте барымтага алынган кызды бошоткон подполковник Жаанбаев каза болду

29 Кулжа 2020 11:30 Бишкек Govori.TV

Биринчи май районундагы 5-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Эркин Жаанбаев каза болду. Бул маалыматты Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Болжолдуу маалымат боюнча, маркум инсульттан көз жумган.

Милициянын подполковниги Эркин Жаанбаев Бишкекте мурунку жигити бычактап, барымтага алган кызды бошоткон. Ал бычак көтөргөн шектүү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн болчу. Шектүү учурда камакта.

Жабырлануучу кыз куткарылып, бирок бычактан алган жаракаттын кесепетинен ооруканадан каза болгон.

Количество просмотров: 2072