Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 11-март күнү милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал арызында 1-февралдан 11-мартка чейинки аралыкта белгисиз адамдар Элебаев көчөсүндөгү көп кабат үйдөгү батирине кирип, 72 миң сом акчасын жана 252 миң сомдук зер буюмдарды уурдап кеткенин айткан.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
«Милиция бул ишке шектүү катары 20 жаштагы Б.М. аттуу жаранды кармаган. Учурда анын ушул сыяктуу башкы фактыларга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө»,-деп айтылат маалыматта.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0(505) 49-06-06, 0(505) 66-01-11 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.