• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте батирлерден эркек адамдан сөөгү табылды

8 Бештин айы 2021 16:26 Бишкек Govori.TV

Бишкекте батирлердин биринен эркек адамдан сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн Горький көчөсүндө жайгашкан көп кабатту турак үйдүн батирлеринин бирининэшиги бекилип, батирдин тургуну байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылып, эшикти ачкан кезде батирдин ичинен 1966-жылы туулган А.О. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп беришкен.

Количество просмотров: 302