• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте бомба тууралуу жалган маалымат кабарлаган 72 жаштагы жаран кармалды

13 Аяк оона 2018 10:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.09.2018.Govori.TV.
Бишкекте бомба тууралуу жалган билдирүү жасаган 72 жаштагы пенсионер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2018-жылдын март айында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт кызматына белгисиз адам чалып, Жаш Гвардия жана Иваницин көчөлөрүнүн кесилишинде жардыруу боло турганын билдирген.
Аталган дарекке Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын кызматкерлери барышып, эч бир шектүү предмет же жардыргыч зат табышкан эмес.
Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө УКМК мас абалында жалган чалуу жасаган 1946-жылы туулган С.К. аттуу жаранды аныкташкан.
Аталган факт боюнча 228-беренеде каралган кылмыш белгилери (Билип туруп террордук акт тууралуу жалган маалымат билдирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иши жүрүүдө.
Количество просмотров: 27