• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте Brand House курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды

13 Жетинин айы 202514:27 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Brand House курулуш компаниясынын башкы директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИББ билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 25-июнунда “И.” турак жай комплексинин үлүшчүлөрү башкы прокурорго жамааттык арыз жазган. Алар кайрылуусунда Бишкек шаарынын Куйручук көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисинин жетекчилерине — “Хан-Строй” ишканасынын башкы директору (Э.Н.) жана башка адамдарга мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Жабырлануучулар курулуш компаниясы Бишкек мэриясынын мамлекеттик архитектурасынан уруксат берүүчү документтери жок туруп 2021–2024-жылдары үлүшчүлөрдөн көп суммадам акча алып, турак-жайды бүтүрүп бербегенин жазышкан.

Бул факты боюнча Октябрь райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Тергөөдө 38 жаштагы Э.Н. кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 158