• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Бишкекте БТР менен «Лексус-470» автоунаасы катышкан кырсык болду

17 Тогуздун айы 202014:53 Бишкек Govori.TV


БТР менен «Лексус-470» автоунаасы катышкан жол кырсыгы тартылган видеолор социалдык тармактарга тарап ал шакабага алынып жатат.

https://www.facebook.com/semetey.amanbekov/videos/2210203955790347/

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы БТР катышкан жол кырсыгы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 16-октябрда Бишкек шаарында өзгөчө абал режиминде блок-посттордо турган аскер техникалары Патрулдук милициянын кызматкерлеринин коштоосунда кетип бараткан.

Профсоюзный көчөсүндө «Лексус-470» автоунаасынын айдоочусу жол эржесин бузуп, аскер техникалары бараткан колоннаны ашып өтүүгө аракет кылган учурда БТР-70 М менен сүзүшкөн.

Кырсыктан жараат алгандар жок. БТР эч нерсе болгон эмес, ал эми автоунаа жабыркап айдоочусу Патрулдук милицияга өткөрүп берилген. Машиненин ээси комментарий бере элек.

Бишкекте 12-октябрдан 19-октябрга чейин Бишкекте өзгөчө абал режими киргизилген. Парламент 16-октябрда өзгөчө абал киргизүү тууралуу токтомду жокко чыгарды.

Количество просмотров: 242