• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте бычак менен кол салууга шектелип чет элдиктер кармалды

3 Бештин айы 202511:45 Бишкек Govori.TV

Бишкекте египеттик жарандарга бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-ноябрда М.Ж. жана С.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чет элдик жарандарга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган. Себеби, алар Рухий Мурас-1 конушунда денесине залал келтиришкен.

Аталган факты боюнча Октябрь РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан «Бейбаштык» беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, жабырланычууларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Андан кийин милиция кызматкерлери тарабынан 2005-жылы туулган М.С., 2006-жылы туулган С.А. аттуу жарандар кармалып, Бишкек шаарыдык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 151