Дары-дармектердин баасын негизсиз жогорулаткан фармацевтикалык компаниялар боюнча атайын кызматтар иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
«Эки күндүк иш-чаранын ичинде Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында 3 компанияны жоопко тартуу боюнча иш козголду. Мындай иштер бир гана Бишкек шаарында эмес республиканын бардык аймагында жүргүзүлүп жатат. Адамдардын башына түшкөн кыйынчылыктан акча жасоо жакшылыкка алып келбейт», — деди Кубатбек Боронов.
Анын айтымында, ар бир дарыкананын жетекчилиги дарылардын бааларына болгон жөнгө салуу боюнча милдеттенме алышкан. Эгерде маселе ордуна келбей турган болсо, анда өкмөт тарабынан атайын документ кабыл алынып, тиешелүү чаралар көрүлөт.