• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

16 Жалган куран 2021 14:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында «Джамаат ат-Таухид Валь Джихад» эл аралык террористтик уюм менен диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлайт.

«2021-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте, КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүмү (Экстремисттик материалдарды өндүрүү, жайылтуу, ташуу же жөнөтүү, же экстремисттик уюмдардын белгилерин же атрибуттарын интернет аркылуу жайылтуу” менен катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Джамаат ат-Таухид Валь Джихад» эл аралык террористик уюмунун жана диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири, Жалал-Абад облусунун тургуну 1996-жылы туулган У.Д.нын үйүнө санкциялык тинтүү жүргүзүшкөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө, санкциялык тинтүү учурунда ал үйдөн диний-экстремистик көз караштагы эл аралык террористтик уюм менен диний-экстремисттик уюмдун идеалогиясына тиешелүү болгон колго жазылган дептерлер, дисктер табылды.

Мындан ары жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 1996-жылы туулган У.Д. кармалды. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда ал жарандан жихад жүргүзүү боюнча жазылган китепче табылды.
Базар-Коргон районунун ИИБи Тергөө кызматы тарабынан У.Д. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Алынган маалыматка ылайык, У.Д. КМШ малекеттеринин бирине барган кезде «Джамаат ат-Таухид Валь Джихад» эл аралык террористтик уюм менен диний-эсктремисттик уюмдун мүчөлөрү тарабынан азгырылып кирип, аларга жалданып иштеп, Кыргызстанда дагы алардын идеологиясын таркатуу менен алектенип жүргөн.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 104