• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте эсинен танып жыгылган аял жан берди

28 Бештин айы 2020 14:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Байтик баатыр менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде аял киши көз жумду. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Ага медициналык тез жардам кызматынын кызматкерлери жардам көрсөтүүгө аракет кылып, бирок натыйжа болгон эмес.

Болжолдуу маалымат боюнча, 40 жаштар чамасындагы аял жерге кулаган. Ага күбө болгон жарандар тез жардам кызматын чакырган. Медицина кызматкерлери жыйынтык болбогондон кийин клиникалык өлүм катары каттады. Азырынча аялдын аты-жөнү жана өлүмдүн себеби белгисиз.

Количество просмотров: 3650