• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

19 Бештин айы 202511:35 Бишкек Govori.TV

22-декабрдан 25-декабрга чейин Бишкекте чоңдор арасында Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш «Жаштык» кичи аренасында өтөт.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 22-23-декабрь күндөрү уюштурулуп, балбандар төмөнкү 10 салмактык категорияда күч сынашат: 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 92 жана 130 кг.

Эркин күрөш боюнча беттештер 24-25-декабрь күндөрү өтүп, спортсмендер 10 салмак ченинде таймашат: 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97 жана 125 кг.

Теги:
Количество просмотров: 112