• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте индиялык студент сабалды

9 Бугу 2022 19:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде сабалган индиялык студенттердин окуясын милиция териштирип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 8-май күнү саат 02:12де Бишкек ШИИББине 2000-жылы туулган С.К. аттуу Индиянын жараны денесинен алган жаракатынан улам Улуттук госпиталга түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

«Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган. Анда милиция 2022-жылдын 7-май күнү саат 23:45 чамасында Индиянын жараны С.К. Киев жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жердеги кафеде достору менен отурганда үч белгисиз адам эч себепсиз денесине залал келтиргендигин аныктаган. Ошол эле күнү жабырлануучу жогорудагы белгисиз адамдарга чара көрүүнү талап кылып арыз жазган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка шектүүлөрдү табуу жана кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 351